ayan.kg

«Дирилиш: Эртугрул» тасмасы жөнүндө

«ДИРИЛИШ: ЭРТУГРУЛ» ТАСМАСЫ ЖӨНҮНДӨ

2014-жылы Түркияда жарыкка чыккан «Diriliş: Ertuğrul» (Дирилиш: Эртугрул) тасмасы кыска убакыт аралыгында миллиарддаган көрүүчүлөрүн таба алды жана кино индустрия тармагында жаңы ийгиликтерди багындырды. Тактап айтсак 3 жыл аралыгында дүйнө жүзүндөгү бир канча мамлекеттер: Пакистан, Албания, Азербайжан, Араб өлкөлөрү, Казакстан, Авганистан, Бангладеш, Алжыр өлкөлөрү аталган тасманы өз тилдерине которуп башташкан, ал эми жакында эле Британиялык ири медиа да бул ишке киришкенин жарыя кылды.

«Diriliş: Ertuğrul» фильми дүйнө тарыхында унутта калган Ислам дөөлөтүнүн олуттуу учурларын эске салат. Анда Осмон империясын түптөгөн Осмон Гази 1-нин атасы Эртугрул баатырдын өмүр жолу баяндалып, ал кездеги саясий кырдаал таамай сүрттөлөт. Тасма  аскер башчынын улуу жүрүштөрү, эли менен көргөн кыйынчылыктарынан тартып үй-бүлө маселесиндеги ынтымак, таалим-тарбия сыяктуу маңыздуу учурларга абдан бай.

Мына ушундай улуу тасманы кыргыз тилине которуу учурдун талабы десек жаңылбайбыз, анткени кыргыз элинин өтмүшү түрк элдери менен тыгыз байланышта болгонун тарых барактары далилдеп турат.

Ошентип, көпчүлүкттүн сунушу менен «Аян» телеканалы да «Diriliş: Ertuğrul» тасмасын кыргыз тилине которуу алдында турат. Бирок, үн коштоо иштери чоң суммадагы каражатты талап кылгандыктан демөөрчүлөрдүн колдоосуна муктаждык жаралып отурат. Белгилей кетсек, 120 мүнөттөн турган бир серияны которуу үчүн адатта 2 миң долларга жакын (140 миң сом) акча керектелет, бирок «Аян» телеканалынын чыгармачыл жамааты бул маселени эң минималдуу каражат менен аткаруу жолдорун түзүп чыктык, натыйжада бир серияны которууга 300 доллар (21 миң сом) сарпталары эсептелди.

Эскерте кетсек, буга чейин биздин медиа пайгамбарлардын тарыхы: Ибрахим а.с. (30 серия), Муса а.с. (60 серия), Мухаммад с.а.в. (60 серия) тууралуу 150 сериядан турган мультфильмди арап тилинен кыргыз тилине которуп чыктык жана бул жаатта жетиштүү тажрыйба чогулттук.

Тасманы кыргыз тилине которуунун артыкчылыктары:

  1. Улуттар арасындагы ынтымакты бекемдейт;
  2. Көрүүчүлөрдү Ислам тарыхынан маалымдар кылат;
  3. Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошот;
  4. Балдарды эр жүрөк болууга, баатырлыкка тарбиялайт;
  5. Мекенди коргоого, элди сүйүүгө үндөйт;
  6. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди бекемдейт;
  7. Мусулман жигиттерин даават ишине шыктандырат.

«Diriliş: Ertuğrul» тасмасы тууралуу кыскача маалымат

«Эр жүрөк Эртугрул» (Diriliş: Ertuğrul) – түрк тилиндеги көп сериалуу тарыхый көркөм тасма. Анда Осмон империясын түптөгөн Осмон 1-нин атасы, Сулайман Шахтын ортончу уулу Эртугрул баатырдын өмүр баяны чагылдырылат.

Сюжетте мекенди сүйүү, өз элине күйүмдүү болуу, элди адилеттүү жетектөө сыяктуу эң чоң маселелерден тартып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ынтымагы, бала тарбиясы, жубайлар ортосундагы сый-урматтын үлгүлөрүнө чейин көрүүгө болот. Жашоонун бардык тармагын камтыган, тарбиялык мааниси терең бул фильм атайын эффекттер менен кооздолуп, көрүмдүүлүк тарабынан да жогору деңгээлде.

Фильм премьерасы 2014-жылы, 10-декабарда Түркиянын «ТРТ 1» телеканалында орун алган.

Жанры:                                 тарыхый, кызыктуу окуялар (приключения), драма.

Хронометражы:                   110-125 мин.

Бюджети (бир сериага):      1 100 000 лира (17 841 784 сом)

 

«Diriliş: Ertuğrul» фильмин которгон чет элдик медиалар:

Мамлекеттер Медиалар Чыккан жылдары
1 Түркия TRT 1 2014-ж. 10-декабрь
2 Пакистан Hum Sitaray 2015-ж. 24-август
3 Азербайжан ATV 2015-ж. Декабрь
4 Ооганстан Tolo TV 2015-ж. Сентябрь
5 Албания TV Klan 2015-ж. 17-октябрь
6 Казакстан Channel 31 2016-ж. 29-март
7 Бангладеш Ekushey Television 2016-ж. 14-сентябрь
8 Араб өлкөлөрү Qatar TV

Alnoor TV

2017-ж. 16-январда
9 Бангладеш Maasranga Television 2017-ж. 2-апрель
10 Алжыр Echorouk TV 2017-ж. Октябрь

 

«Diriliş: Ertuğrul» фильминин сезондору жана сериалары:

Бөлүм (сезон) Серия Сезондун башталышы Сезондун аягы
1 26 10-декабрь, 2014-ж. 17-июнь, 2015-ж.
2 35 30-сентябрь, 2015-ж. 8-июнь. 2016-ж.
3 30 26-октябрь, 2016-ж. 14-июнь, 2017-ж.
4 36 25-октябрь, 2017-ж. 11-июнь, 2018-ж.
Жалпы: 127 серия

 

Акжолтой Аскарали уулу  – уюштуруучу

Байланыш конт:

forward_kg@mail.ru

0702 996 997

0770 180 980